Түркиянын Сирияга чек аралаш аба мейкиндигинде белгисиз учак атып түшүрүлдү

Cириянын өкмөттүк күчтөрү Дамаскинин чыгышындагы Жобар районундагы козголоңчулардын өңүттөрүнө сокку ургандан кийинки көрүнүш. 15-октябрь 2015

Түрк куралдуу күчтөрүнүн маалымдашынча, өлкөнүн аскер тартибине ылайык, учакка үч ирет эскертүү жасалып, бирок жооп болбогондон кийин атып түшүрүлгөн. Атын атабаган түркиялык мартабалуу аткаминер "Рейтер" агенттигине пилотсуз учак-дрон атып түшүрүлгөнүн айткан. "РИА Новости" агенттиги Орусиянын аскерлерине шилтеп, орусиялык бардык учактар Сирияда планга ылайык учуп жүргөнүн кабарлады.

"Си-Эн-Эн Түрк" телеканалынын билдиришинче, учак Сириянын чек арасына ныпталаш Килиз шаарына чукул жерде атып түшүрүлгөн.

НАТО мүчөсү Түркия Сирияга сокку уруп жаткан орусиялык учактар өлкөнүн аба мейкиндигин бир нече ирет бузганын билдирген.