Бишкекте кылмышкерди издөө операциясы уланууда

Бишкек четиндеги Дордой, Энесай конуштарында түрмөдөн качкан кылмышкерди издөө уланууда. Кечээ башталган операция түнкү саат экиде токтотулган. Бүгүн эртең менен саат алтыдан тарта күч кызматкерлери кайра издөөгө чыгышканын Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришти.

12-октябрга караган түнү №50 абакта отурган 9 киши үч кызматкерди өлтүрүп качып кетишкен. Бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө издөөгө алынган. Жума күнү алардын экөө Дордой конушунда жүргөнү аныкталып, Данияр Кадыралиев аттуу кылмышкер милициянын огунан өлгөн. Анын шериги Азамат Мүсүралиев изин жашырганга үлгүргөн. Дагы экөө кайда экени белгисиз. (SE)