Президенттик фонддон Караколдогу театрга 3 миллион сом бөлүндү

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы театрдын имаратын оңдоо үчүн 3 миллион сом бөлдү. Тийиштүү буйрукка бүгүн кол коюлганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү. (SE)