Азиянын эң мыкты делген 100 тасмасы аталган китеп Түштүк Кореяда жарык көрдү. Биринчи орунда жапониялык режиссер Ясудзиро Одзунун 1953-жылы тартылган “Токио окуясы” деп аталган тасмасы турат.
Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнөн түркмөн режиссеру Хожакули Нарлиевдин 1972-жылы тартылган “Келин”, кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын 1998-жылы тартылган “Бешкемпир”, казакстандык режиссер Адильжан Ержановдун 2014-жылы тартылган “Кожоюндар” тасмалары бар.
Мындан тышкары китепте азиялык эң мыкты 100 режиссердун да аттары аталган. Алардын арасында кыргыз режиссерлордон Төлөмүш Океев менен Актан Арым Кубат бар.
Авторлордун маалыматы боюнча, бул тизме беш жыл сайын жаңыртылып турат.(ZKo)