Евробиримдик Кыргызстанга бөлгөн каражаттын 5 миллиону келди

Евробиримдик Кыргызстанга микрофинансылык колдоо максатында 30 млн. евро бөлгөн. Анын алгачкы 5 млн. евросу келип түшкөнүн Евробиримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгү маалымдады.

Евробиримдик акыркы бир жыл ичинде Кыргызстанга 21 млн. евро бөлдү. Бул каражаттын басымдуу бөлүгү быйылкы парламенттик шайлоону өткөрүүгө сарпталды.(ZKo)