38-мектептеги окуя боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү

 Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаардык кеңештин сессиясында билдирди. Мэрдин маалыматы боюнча, бул маселени териштирүү иштерин вице-мэр Айгүл Рыскулова да жүргүзүүдө.

 20-октябрда эртең менен 30 чакты бала мектептин терезелерин талкалап,беш окуучуну сабап кетишкен. Маалыматтарга караганда, мушташты баштагандар Олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары.

 Аталган эки мектептин окуучулары быйыл 16-сентябрда да мушташып, үчөө бычакталган. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.(ZKo)