Кара-Кулжада бал фестивалы өтүүдө

Жармаңкеге балдан алынчу түрдүү продукциялар коюлду.

 Кара-Кулжа районунда 400 тоннага жакын бал өндүрүлөт.

Бала бакчанын ашпоздору ата-энелерден алган балдан түрдүү шириндерди жасашат экен. Бүгүнкү жармаңкеге алар да катышууда.

Бал фестивалына Кытай жана Орусия консулдары менен кошо бал багытындагы ири ишкерлер катышты.

Мунун бир даанасынын баасы жүз сом. Аны спиртке кошуп, ичимдик жасашат.

Балчылар.

Бал куюлган алмалар.

Бал менен жаңгак жана жержаңгак жакшы достошот экен. 

Момдон жасалган шамдар. Ар биринин баасы 50 сомдон. Күйгөндө жагымдуу жыты жана үнөмдүүлүгү менен жакшы бааланат экен.

Кара-Кулжа районунда бал фестивалы алгачкы ирет уюштурулууда.

Катышуучулар балды колдон келишинче жарнамалап сатышууда.

Бал кошулган кымыз жармаңке катышуучуларын тамшандырды.

Кара-Кулжа районунда 144 балчы расмий катталган. Алар жыл сайын 365 тонна бал өндүрүшөт. 

Аарынын момунун бир килограммы 400 сом. Авиацияда, мотор майларын чыгаруудагы кошулмалардын бири экен. Андан сырткары момдон шам да жасалат.