Биометрикалык маалыматтарды топтоо кайра жанданды

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда жарандардан биометрикалык маалыматтарды топтоо өнөктүгү кайра башталганын маалымдады. Парламенттик шайлоого байланыштуу убактылуу токтотулган жумуш 20-октябрда Бишкекте жанданды, 26-октябрда бүт өлкө боюнча жүргүзүлөт.

Өкмөттүн маалымыты боюнча, бир жылдан бери 2 млн. 842 миңден ашуун кыргызстандык биометрикалык каттоодон өткөн.

Кыргызстанда быйылкы шайлоо алгач ирет биометрикалык маалымат негизинде өттү. (SE)