“Кара тизмеге” мунапыс 1-ноябрда аяктабайт

«Кара тизмеден» чыгууга мунапыстын мөөнөтү узарды. Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Орусиядагы мекендештерге 1-ноябрга чейин “кара тизмеден” чыгууга уруксат берилген. Келишимге ылайык мигранттар Орусиянын чек арасынан чыгып, кайра кирген учурда “кара тизмеден” дароо чыгышы керек эле. Бирок акыркы үч ай аралыгында мындай мүмкүнчүлүктү колдонгон кыргызстандыктардын саны болгону 30 миң адамга жетти.

Асанбаевдин айтуусунда, Орусиянын миграциялык кызматы ал өлкөдө 170 миңдей Кыргызстандын жараны мыйзамсыз иштеп жүргөнүн маалымдаган. Ушундан улам ноябрь айына чейин кыргызстандыктар мунапысты колдонуп жетишпесин эске алып, мөөнөт белгисиз убакытка узартылды.

Расмий эмес маалыматтардан Орусияда бир миллионго чукул кыргызстандык жаран бар болсо, алардын дээрлик жарымы тийиштүү документтери жок мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. (SDz)