Молдова парламенти өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрдү

Өлкөдө болуп жаткан нааразылык акцияларынан улам депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрдү. Маселе жакынкы күндөрү каралат.

Баш калаа Кишеневдо пикет-митингдер сентябрдан бери уланууда. Жарандар өкмөттөгү жемкорлукка жана былтыркы парламенттик шайлоо алдында банктардын биринде миллиард доллар белгисиз жагдайда жоголгонуна нааразылык билдирип атышат.

Миңдеген адам чыккан демонстрацияларды “Ар-намыс жана акыйкаттык” деп аталган кыймыл баштаган.

Банкта жоголгон акча боюнча чара көрүлбөгөнүнө нааразы болгондор президент Николай Тимофтинин, өкмөттүн отставкасын жана жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып чыгышкан. (SE)