Астанада майыптар үчүн иш орундар жармаңкеси болду

Казакстандын баш калаасы Астанада бейшембиде майып адамдар үчүн иш орундар жармаңкеси өткөрүлдү. Ага 20дай компания катышып, үч саат ичинде 150дөй кардар чогулду. Иш-чаранын соңунда сексендей адамды компаниялар ишке чакырды.

Жармаңкенин негизги максаты - майып адамдарды жумуш орду менен камсыз кылуу менен бирге аларга социалдык коргоо чаралары жана иш базарындагы абалды тааныштыруу. Белгилей кетсек, Казакстанда 600 миңден ашык майып адам каттоодо турат.