Сапар Исаковго дипломатиялык даража ыйгарылды

Сапар Исаков

Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго "Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" деген дипломатиялык даража ыйгарылды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы бүгүн кол койду.

Ушундай дипломатиялык даража Кыргызстандын Индиядагы элчиси Самаргүл Адамкуловага да берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады. (SE)