Зордуктоого шектелген чет элдик жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, 25-октябрда Бишкек шаарынын тургуну Ж.С. укук коргоо органдандарына арыз менен кайрылып, шаардагы мейманкалардын биринде белгисиз адам анын бөлмөсүнө кирип келип, зордуктоого аракет кылганын билдирген.

Издөө-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 35 жаштагы Канаданын жаранын кармашкан. Кылмышка шектүү тергөө бөлүмүнө алынып келинди. Ушул тапта иликтөө иштери жүрүп жатат. (AzK)