Атамбаев зилзаладан жабыркаган Пакистан президентине көңүл айтты

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге жана кырсыктан жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтты.

26-октябрдагы жер титирөөнүн очогу Ооганстандын аймагындагы Гиндукуш регионунда орун алган. Батыш сейсмологдорунун айтуусунда, анын күчү 7,7 баллга жеткен.

Ушул тапта Ооганстан менен Пакистанда жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 300дөн ашканы кабарланууда. Ооганстанда 74 киши көз жумган.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстанда дагы сезилди. Ош шаарында анын күчү 4 балл, Бишкекте 3 балл, Нарында 3 балл болгон. (AzK)