Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды

Кыргызстан 2016-жылдан 2018-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмундагы Адам укуктары боюнча кеңешке мүчө катары шайланды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий веб-сайтындагы маалыматта айтылды.

5 орундан турган кеңешке 7 мамлекет ат салышып, БУУга мүчө 147 өлкө добуш берген.

Талапкерлердин ичинен Пакистан менен Лаос мүчөлүккө өтпөй калды. БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши 47 мамлекеттин өкүлүнөн турат жана баш кеңсеси Женевада жайгашкан.