Парламенттеги башкаруучу коалициянын курамы дүйшөмбүдө белгилүү болот

Кыргызстанда парламенттеги башкаруучу коалициянын курамы кандай болору дүйшөмбү, 2-ноябрда расмий жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан кабарлашты. Фракция лидери Чыныбай Турсунбековго коалиция куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 29-октябрда берген болчу. Үч күн бою ар бир фракциянын лидерлери менен жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жүрүп жатты.

Бүгүн Чыныбай Турсунбеков «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев менен жолукту. ​(RK)