Ысык-Көлдө катуу шамал болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бүгүн таңкы саат 03:50дөн баштап катуу шамал болууда. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, катуу шамал 4 орто мектеп, 1 окуу жай, 2 үйдүн чатырларын учурган. Комиссия жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)