Ош: декан пара алганы үчүн кармалды

Ош мамлекеттик юридикалык институтундагы факультеттердин бирининин деканы 7 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, декан экзаменге кирүүгө уруксат берүү үчүн пара талап кылган. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (КЕ)