Ош бийлиги жылуулукка берилген сууга жуунуу зыян экенин эскертти

“Ош жылуулук” ишканасынын жетекчиси Рысбек Нурдиновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, борбордоштурулган жылуулук түйүнү аркылуу көп кабаттуу үйлөргө берилип жаткан сууга химиялык заттар кошулган. Ал заттар түтүктөрдүн ичин дат басып кетпөөсү үчүн пайдаланылат. Ошол себептүү жылуулук үчүн берилген сууну пайдалануу жана жуунуу адам үчүн зыяндуу.

Көпчүлүк үйлөрдө жогорку кабаттагы батирде жылуулук куурларында атайын чорго бар. Ал ысык сууну айдагандан кийин абаны чыгарып туруу үчүн колдонулат. Буга чейин жашоочулар ошол чоргодон жылуулукка берилген сууну тиричиликке жана жуунууга колдонуп келишкен. Анын натыйжасында жылуулукка кеткен энергияда көп чыгым болуп келген.

“Ош жылуулук” муниципалдык мекемеси жана ЖЭБ ишканасы калаада көп кабаттуу 503 үйдү жылуулук менен камсыздайт. Мындан сырткары Ош шаарынан 72 мекеме-ишкана жылуулук менен камсыздалган. (ErN)