Жаңы шайланган өкмөт мүчөлөрү парламентте ант берет

Бул үчүн Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз пленардык отурумга чогулат. Премьер-министр Темир Сариев башында турган жаңы өкмөттүн мүчөлөрүнүн ант берүү аземине мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дагы катышып, сөз сүйлөйт.

Бейшембиде Жогорку Кеңеш Темир Сариев башында турган өкмөттү шайлады. Ошол эле күнү президенттин жардыгы менен өкмөт мүчөлөрү кызматтарына бекитилди. (AiT)