Абак тополоңуна байланыштуу жарандык активист сурак берди

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков бүгүн атайын прокуратурага суракка чакырылды. Башкы прокуратура ал Facebook баракчасына жазганы үчүн чакырылганын кабарлады.

Аскарбеков социалдык тармактагы жеке баракчасына 25-октябрда "Шайлоодон кийин бул "Террористтерди" атайын качырып, 10 күндөн ашуун шайлоодон, экономикалык оор абалдан, кымбатчылыктан алаксытуу максатында элге шоу көрсөтүп жатышты" деп жазган болчу.

Прокуратура муну бийлик өкүлдөрүнө карата айтылган өтө оор айыптоо деп атап, эгер Аскарбеков түрмөдөн качуу чын эле атайын уюштурулганын билсе, муну ким жасаганын тартип коргоо органдарына айтып бериши керек деп эсептейт.

Аскарбеков Facebook массалык маалымат каражаты деп эсептелбесин, жеке баракчасына өз оюндагысын эркин жазууга укуктуу экенин айтууда.

Өткөн айда Чүйдөгү №50 абакта өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 9 кылмышкер 4 түрмө кызматкерин өлтүрүп качып кеткен. Кийин алардын 3 кармоо учурунда өлтүрүлүп, 3 кармалгандан кийин түрмөдөн көз жумган. Атайын операциялар учурунда бир милиционер жана 2 жай тургун набыт болгон. (RK)