Кыргызстан Францияга көңүл айтты

Париж. 13-ноябрь, 2015-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Париж шаарындагы теракттарга байланыштуу Франциянын президенти Франсуа Олландга көңүл айтты.

- Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт жана бул коркунучка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракетин колдойт, - деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

13-ноябрдын кечинде Париждин бир нече жериндеги куралдуу кол салуудан кеминде 100дөн ашуун киши мерт болду, ондогон адам жараат алды. Францияда өзгөчө кырдаал жарыяланып, чек аралары жабылды. (КЕ)