Атамбаев Белгия падышасын куттуктады

Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев Белгиянын падышасы Филиппти Падышалар династиясынын күнү менен куттуктады. Бул күн 15-ноябрда белгиленип, Белгияда улуттук майрам болуп эсептелет.

“Кыргыз-Белгия алакасын мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн шарт бар. Азыркы мамилелер да алгылыктуу өнүгүп жатат”,- деп белгиленет Атамбаевдин куттуктоосунда.

Телеграммада Алмазбек Атамбаев кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну дагы чыңдоого кызыкдар экендигин айтат.

Атамбаев Белгиягы 2013-жылы мамлекеттик сапар менен, быйыл март айында жумушчу сапар менен барган. (SE)