Кара-Балтада “Айыл банкта” чыккан өрт себеби иликтенүүдө

“Айыл банктын” Кара-Балта шаарындагы бөлүмүндө 16-ноябрь күнү өрт чыгып, эки кабаттуу имараттын айрым бөлүктөрү күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, негизинен чатыры жана шыбы өрттөнгөн. Кырсыктын себеби анык эмес. Адистер тактоо иштерин жүргүзүп жатат. (SE)