Кыргыз киносу калыптанганына 74 жыл толду

2014-жылы чоң экранга чыккан "Курманжан Датка" тасмасынан.

Бүгүн кыргыз кино күнүнө жана белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата Бишкектеги “Манас” кинотеатрында маданий иш-чаралар өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, бийлик өкүлдөрү да катышып, кино тармагында ийгиликке жетишкендерге ардак наамдар ыйгарылат жана сыйлыктар тапшырылат. 

1941-жылы 17-ноябрда Фрунзе шаарында кинохроника студиясы түзүлгөн. Андан бери бул дата Кыргыз киносунун күнү катары белгиленип келет. (SE)