Украина Евромайдандын эки жылдыгын белгилөөдө

Украинада бүгүн Евромайдандын экинчи жылдыгын - Эркиндик жана ар намыс күнүн белгилеп жатышат. 

Киевде, Эркиндик аянтында 2014-жылдын февраль айында нааразылык акциясына чыккандардын полиция менен кагылышуусунда набыт кеткендерине арналган мемориал орнотулду.  Чогулгандар ошол окуянын курмандыктарын эскеришти.

2013-жылдын 21-ноябрында миңдеген украин жарандары аянтка чыгып, ошол кездеги президент Виктор Януковичтин, өкмөттүн Европа Союзуна биригүүгө каршы чечимине нааразылыгын билдире баштаган болчу.​ (RK)