Өкмөт Кумтөр боюнча парламентке жаңы сунуш киргизет

Кумтөр кени

Өкмөт Кумтөр маселеси боюнча жакын арада Жогорку Кеңешке жаңы сунуштарды берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде премьер-министр Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, анда Кумтөрдө экологиялык экспертиза жүргүзгөн америкалык АМЕК компаниясынын сунуштары эске алынган.

Быйыл жазында АМЕКтин сунушу боюнча кыргыз өкмөтү рекультивациялык фонддогу акчанын суммасы 2026-жылы 69 миллион доллар болушу керектигин билдирген. Буга чейин “Кыргызалтындын” мурдагы башчысы Токон Мамытов фонддо болгону 17 миллион доллар бар экенин айткан.

Ошондой эле "Центерра" айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн жыл сайын Кыргызстанга 310 миң доллар төлөп келсе, буга чейинки сүйлөшүүлөрдө ал сумманы 10 эсеге көбөйтүп, 3 миллион долларга жеткирүү талап кылынган.

"Кумтөр" алтын кени 1997-жылдан бери иштетилип келатат. 2010-жылга чейин алтын кенден 7,8 миллион унций же 242,5 тонна алтын казылып алынган. Компания толугу менен канадалык ишкерлерге таандык. Жыл сайын 17 тоннадан кем эмес алтын казылып алынат.(КЕ)