Ош облустук соту мурдагы имам Рашод Камаловду 10 жылга кести

Рашод Камалов сотто

Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынан кабарлашты. Кара-Суу районундагы "Ас-Сарахсий" мечитинин мурдагы имамы Рашод Камаловду Ош облустук соту "диний кастыкты козуткан, кызмат абалынан пайдаланып, экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткан" деп тапты. Сот Ош облустук прокуратурасынын өтүнүчүн толук канааттандырып, Камаловду 10 жыл күчөтүлгөн режимде камоого өкүм чыгарды. Имамдын жактоочулары Жогорку сотко доо арыз берүүгө камданышууда.

7-октябрда Кара-Суу райондук соту диниятчы Камаловду "диний кастыкты козутууга, экстремисттик материалдарды сактоого жана таратууга айыптуу" деп таап, беш жылга жатак абакка кескен эле. Мындай жазана аз деп эсептеген прокуратура Ош облустук сотуна Камоловго карата жазаны катаалдатууну өтүнүп кайрылган.

Кара-Суу шаарындагы "Ас-Сарахси" мечитинин имамы, 37 жаштагы Рашод Камалов 9-февралда кармалган. Ага каршы "экстремизмге чакырган", "халифат курууга аракет кылган" жана "Сирияга адамдарды жөнөткөн" деген айыптар тагылган. Камалов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келүүдө. (YI)