Атып түшүрүлгөн орусиялык учактын бир учкучу тирүү калды

24-ноябрда Түркия атып түшүргөн Орусиянын Су-24 истребителинин бир учкучу сириялык аскерлер тарабынан куткарылды. Бул тууралуу Франциянын Europe-1 радиосуна Орусиянын Франциядагы элчиси Александр Орлов билдирди. Мурдарак орус учкучунун тирүү калганын ливандык Al Mayadeen телеканалы да кабарлаган эле.

Аталган каналдын маалыматында, учкучту издөө алты саатка созулган. Табылгандан кийин сириялык аскерлер козголоңчулар турган жерден орус учкучун 2 сааттын ичинде алып чыгышкан. Андан соң аны Латакиядагы орусиялык авиатоп жайгашкан Хмеймим базасына алып барышты. Азыр ал коопсуз жерде.

Орусиянын Коргоо министрлиги Су-24 истребителиндеги бир учкуч мерт кеткенин ырастаган. Парашют менен жерге түшүп келатканда аны жерден атып түшүрүшкөн. Ошондой эле Су-24 истребители кулаган жерде издөө иштерине чыккан орусиялык Ми-8 тик учагын да аткылашып, бир деңиз аскери мерт кеткен.

Орусиянын Су-24 истребителин 24-ноябрь күнү Түркиянын F-16 согуштук учагы Түркия-Сирия чек арасынан талкалаган. Түркия бийлиги орус учагы Түркиянын аба мейкиндигин бузду деп жатат. Владимир Путин муну “далыга бычак саюу” катары баалады.