КМШ мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын жыйыны болот

Ага Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегация катышат. 26-27-ноябрда Санкт-Петербург шаарында боло турган жыйында парламенттер аралык кызматташуу жана коопсуздук маселелери талкууланат.

Төрага Жээнбеков ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөрүн парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)