Орусия Түркиянын айыл чарба продукциясын тыкыр көзөмөлдөйт

Орусия бийлиги Түркиядан айыл-чарба товарларын импорттоону чектемей болду. Буга орус расмий өкүлдөрү түркиялык өндүрүшчүлөрдүн стандартка туура келбеген товарларды алып кирүүсү себеп болду дешүүдө.

Айыл-чарба министри Александр Ткачев бүгүн чек арадан өтүп жаткан бардык Түркия өнүмдөрү кошумча текшерүүгө алынарын кабарлады.

“Тилекке каршы, орто эсеп менен Түркиядан алып келип жатышкан айыл-чарба продукцияларынын 15% Орусиянын мамлекеттик стандарттарына туура келбейт”, - деди Ткачев.

Мындай чечим Түркия-Сирия чек арасынан Орусиянын Су-24 согуштук учагы Түркия тарабынан атып түшүрүлгөндөн кийин алынды. Орус бийлиги саясий ымаласы бузулары менен айрым өлкөлөрдөн азык-түлүк импортун тыйып келет.