Белгиянын баш калаасы Брюсселдеги ири мечиттердин биринен шектүү конверт табылгандан улам андагы элди коопсуздук үчүн шашылыш сыртка алып чыгышты.
Полиция менен жарылуучу заттарды изилдөөчү топ Белгиянын Ислам жана маданият борборунда куткаруу операциясын жүргүздү.
Ким экени белгисиз адам өрт өчүрүүчү кызматка телефон чалып, мечитке шектүү нерсе ташталганын кабарлаган.
Брюсселде 21-ноябрдан бери коопсуздук тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Себеби бул шаарда 13-ноябрда Париждегидей террордук чабуулдар кайталанат деген божомолдор айтылган. Белгияда болжол менен 500 миңдей мусулман жашайт.