Бишкекте СПИДге каршы хоккей беттеши өтөт

Кыргызстандын хоккей командасынын оюнчулары

29-ноябрда, Бишкекте "Спорт СПИДге каршы" аталышында хоккей боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди.

Мелдешке "Локомотив" жана "Арстан" командалары катышат. Оюн “Локомотив” спорт комплексинде өтөт. Башталышы саат 14:00, кирүү акысыз. (ECh)