10-декабрь эл аралык адам укуктары күнү

Согуштан жапа көргөн жайкын тургундар. Ирак.

Бүгүн дүйнө жүзүндө эл аралык адам укуктары күнү белгиленет. 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы Адам укуктары боюнча жалпы декларацияны кабыл алган. 1950-жылдан тарта бул датага карата дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө жыл сайын ар кандай иш-чаралар өтүп, адам укуктарын сактоого чакырык жасалат. (SE)