Жарандык активист Айтматовду Нобелдик сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштайт

Чыңгыз Айтматовдун китептери

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкек шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанында акция өткөрөт. Ал колуна Айтматовду адабият боюнча Нобелдик сыйлыкка көрсөтүүнү талап кылган жазууларды көтөрүп алмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” активист өзү кабарлап, жазуучунун көзү өткөнүнө карабай, бийлик бул демилгени тийиштүү уюмдарга сунуштоого милдеттүү экенин билдирди.

Сунушту мурда Түркиянын “Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү” комитети көтөрүп чыккан.

Айтматов 2008-жылы дүйнөдөн өткөн. (SE)