Дааваттын "атасы" "Таблиги жааматпы"?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жергиликтүү элде дааватчылар деген ат менен белгилүү бул "Таблиги жамаат" уюмунун тамыры Пакистан, Индия жана Бангладешке барып такалат. Ондогон кыргызстандыктар жыл сайын аталган өлкөлөргө дааватка барып келишет. Дагы ондогон кыргыз балдары ушул өлкөлөрдөгү "Таблиги жамаат" уюмунун атайын борборлоруна жана медреселерине окуганы кеткен.