Бишкекте “Лотос кыз” спектакль-балетинин бет ачары өтүүдө

Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кытай элинин жомокторунун негизинде даярдалган “Лотос кыз” аттуу спектакль-балеттин бет ачары өтүүдө. Аны “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен “Туңгуч” театры даярдаган. “Лотос кызды” койгон режиссер - Жамал Сейдакматова, сүрөтчүсү - Бакыт Тилекматов. Спекталди аталган театрдын алдындагы студиянын студенттери ойнойт.

Спектакль 18-декабрдан 6-январга чейин Кожомкул атындагы Спорт сарайында жана Улуттук филармонияда көрсөтүлөт. (КЕ)