ШКУ өкмөт башчыларынын кийинки жыйыны Кыргызстанда өтөт

Темир Сариев

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кийинки жыйыны 2016-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Кытайдын Чжэнчжоу шаарында өтүп жаткан саммитте премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Сариевдин айтымында, Кыргызстан өз төрагалыгы учурунда ШКУнун аймактык кызматташтыгына өзгөчө көңүл буруп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды чыңдоого аракет кылат. (UEz)