Оштун Чоң-Алай районунда 20-декабрга караган түнү болгон катуу шамал Дароот-Коргон айылындагы бир мектептин, өспүрүмдөрдүн спорттук клубунун жана Жар-Башы айылындагы айрым үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бороондун күчү секундасына 37 метрге чейин жеткен. Адистер келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо ишин жүргүзүп жатат. (SE)