Бишкекте Нарында жасалган буюмдардын, азыктардын көргөзмөсү өтөт

Ат-Башынын шырдагы.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде бүгүн Нарын облусунда өндүрүлгөн азыктардын көргөзмөсү ачылат. Элге курут, кымыз сыяктуу улуттук суусундук жана жемиштер, кийиз буюмдар сунушталат. Эки жумага созулчу иш-чара “Нарындын бирдиктүү бренди” деп аталып, көргөзмөгө келгендерге аймакта өндүрүлгөн азыктарды жана буюмдарды жарнамалаган атайын ролик көрсөтүлөт.

Көргөзмөнү кыргыз өкмөтү бир катар эл аралык уюмдар менен бирге уюштурууда. (SE)