“Азаттыктын” кабарчысы жемкорлукка каршы күрөш боюнча сынакта жеңүүчү болду

"Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев.

“Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаев Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсы уюштурган жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча сынакта “Телеканалга жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюнча жеңүүчү болду.

Сынак “БизЭксперт” аналитикалык борборунун, “Экономиканын туруктуу өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү” программасынын колдоосу менен уюштурулган.

Ал эми “Басылма жана интернет-сайтка жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюча “Слова Кыргызстана” гезитинин журналисти Галина Лунева жеңүүчү деп табылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 29-декабрда “Хаятт” мейманканасында өтүп, аларга заманбап ультрабук берилди.

Аталган сынак ай сайын 2016-жылдын март айына чейин өткөрүлөт. (КЕ)