Донбасста тынчтык келишими бузулду

Украинанын армиясы менен орусиячыл жикчилдер “Жаңы жылдык тынчтык келишимди” бузду деп бири-бирин айыпташууда. Украинанын командачылыгы маалымдагандай, акыркы сутка ичинде Украина армиясы жайгашкан аймак 22 жолу миномет жана гранатометтордун аткылоосуна кабылган. Жоокерлер арасында жоготуулар болгон эмес.

Өз кезегинде жикчилдер Жаңы жылга оогон түнү украиналык жоокерлердин аткылоосунан бир аскер кызматкери өлгөнүн кабарлады. Орусиялык жикчилдер тынчтык келишими 11 жолу бузулганын айтып, Украинанын армиясы калк жашаган аймактарды аткылаганын айтышууда.

Тараптардын “Жаңы жылдык тынчтык келишими” 7-январга чейин уланышы керек эле. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер келишимдер барган сайын күчүн жоготуп жатканын айтып, кармашып жаткан тараптарды жок дегенде майрамдар бүткүчө ок атууну токтотуп турууга чакырды. (SDz)