Кумтөрдүн кызматкери Кыргызстандан бүгүн чыгарылат

Каракол шаардык соту “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын кызматкери, британ жараны Майкл Макфитти Кыргызстандан чыгаруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун төрагасы Мадамин Азимжанов Азаттыкка” ырастады. Соттун чечими боюнча Макфит Кыргызстандан бүгүн чыгып кетиши керек.

31-декабрда Кумтөр кенинде иштеген Майкл Макфит жаңы жылдык кечеде түшкөн сүрөтүн интернетке жайгаштырып, дасторкондогу чучукту малдын уяттуу мүчөсүнө салыштырган. Бул жазуу социалдык түйүндө активдүү талкууланып, айрым жарандык коомдун өкүлдөрү аны кыргыз элин шылдыңдоо катары кабыл алышкан.

2-январда “Манас” аба майданынан кармалган Макфит "улуттук баалуулуктарды басмырлады" деген негизде Каракол шаардык прокуратурада сурак берип, кайра бошотулган болчу. Кийин Макфит жазган билдирүүсү үчүн кыргыз элинен кечирим сураган. Макфитге байланыштуу ишти облустук милиция териштирди. (КЕ/AsM)