Жол кайгуул кызматынын билдиришинче, Тараз – Талас – Суусамыр жолунун 156-чакырымында “Хонда Одиссей” машинасынын айдоочусу рулду башкара албай, машина оодарылып кеткен. Натыйжада үч киши мерт кетип, алтоо жараат алды. Каза болгондордун бирөө алты жашта болгон. Окуя боюнча экспертиза өткөрүлүп, тергөө-иликтөө иштери башталды.
2015-жылы Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Кырсыктан мерт болгондордун саны 800дөн көп. Жараат алгандары 7594 адам. (КЕ)