Адам укугу боюнча Европа соту “Болотное иши” боюнча чечим кабыл алды

Москва сотунда "Болотное ишин" кароого киргизилбей калган журналисттер, 21-февраль, 2014-жыл.

2012-жылы 6-майда Москванын Болотная аянтында кармалган Евгений Фрумкин "полицияга баш ийбегени үчүн" деген айып менен 15 күнгө камакка алынган болчу. Адам укугу боюнча Европа соту бул үчүн Орусияны оппозициячы Евгений Фрумкинге 25 миң евро өлчөмүндө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

Сот Орусиянын бийлиги 2012-жылы 6-майдагы саясий акция учурунда жана андан кийинки соттун жүрүшүндө оппозиционердин укугун бузган деп тапты. "Полицияга баш ийген эмес" деген кине менен Болотная аянтында кармалып, 15 күнгө камакка алынган Фрумкиндин ишинде Орусиянын соттору негизги жагдайларды кароодон баш тартканы аныкталган. Оппозициячы улам жогорку соттук инстанцияларга кайрылып отуруп, 2012-жылдын аягында Европа сотуна даттанган болчу.

Мына ушундай эле арыз менен Страсбург сотуна дагы жети доочу даттанган. Алардын арасында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный дагы бар. 2012-жылы 6-майдагы “Миллиондор жүрүшү”, бийликтин ырасташынча, башаламандык менен аяктаган. Оппозиция бийлик тарабынан чагым жасалганын билдирген. “Болотное иши” боюнча жалпысынан 34 адам жоопкерчиликке тартылган. Укук коргоочулар аларды саясий туткундар катары тааныган.