Хакерлердин чабуулу Украинада жүз миңдеген үйдү жарыксыз калтырды

Украинанын электр тармактарына эки апта мурун уюштурулган киберчабуулдун натыйжасында жүз миңдеген турак-жай жарыксыз калды. Ушул жума башында берилген расмий маалыматка ылайык, Иваново-Франковск облусунунун жашоочуларынын тең жарымынын электр энергиясы үзүлгөн.

Маселени изилдеген iSIGHT Partners тобу электр тармактарынын компьютер системасын бузуп кирген вирус аймактык 3 тейлөө операторун иштен чыгарганын аныктады.

Black Energy деп аталган бул программа 2007-жылдан кийин пайда болду. Соңку кездери компьютер системасын бузуу боюнча кошумча функциялар менен байып бараткан кооптуу программалардын бири болуп саналат. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, аны Москвадагы Sandworm хакерлер тобу пайдаланат. (SE)