Орус акчасы дагы ылдыйлады

Москва биржасында бүгүн орус акчасы дагы ылдыйлап, бир доллар 75 рубльга чыкты. Евро 80 рубльдан ашты. Рубль мындай чекке 2014-жылдын декабрынан бери биринчи ирет түштү.

Мындай арзандоо дүйнөлүк базарда мунай арзандашы менен байланыштырылууда. 6-январда Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррелинин наркы 2004-жылдын июлунан бери биринчи жолу 35 доллардан төмөн түштү.