Бокс боюнча жаштар курамасын тандоо мелдеши өтөт

Жаш боксчулардын беттеши, 2014-жыл.

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасына мушкерлерди тандоо боюнча биринчилик башталат. 12-16-январь күндөрү Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтчү таймаш Тарых жана маданият жылынын урматына уюштурулууда. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлагандай, ага Кыргызстандын түрдүү аймактарынан 17-18 жаштагы 150гө жакын мушкер катышат.

Биринчиликтин жыйынтыгында жаштар курамасы аныкталып, жеңүүчүлөр Азия жана дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат. (SE)