Өспүрүмдөрдүн мушташынан окуучу бала бычак жеди

2-январда Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында 9-класстын окуучусу Бексултан уулу Уланбек менен Бишкек шаарында окуу жайдын 1-курсунун студенти Эсенбек уулу Болот өз ара чырдаша кеткен. Натыйжада студент окуучунун сол бутуна үч жолу бычак шилтеген. Окуучу райондук ооруканага жеткирилип, учурда абалы дурус.

Бул окуя боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан соттук медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы күтүлүүдө. Экспертизанын натыйжасы боюнча бычак шилтеген баланын баш коргоо чарасы чечилет. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. (MiK)