Супермаркетте ырдалган опера
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисттери Саян Исин, Заира Раимбекова жана Таир Бейшеев Бишкектин супермаркеттеринин биринде Жузеппе Вердинин “Травиата” операсынан ария аткарып, флешмоб өткөрүштү. Алар мындай жол менен Улуттук консерваториядагы жаңы жылдык концертти анонс кылышкан. Топтун жетекчиси консерваториянын кафедра башчысы Юлия Остапенко. (Видео Таир Бейшеевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды)